Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

“Ата-Журт” өкмөттүн жаңы түзүмүн бекиткен жок


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясы жыйын куруп, өкмөттүн жаңы структурасын бекитүүнү кийинкиге калтырды. Муну "өкмөттүн жаңы курамы чала уюштурулган" деген жүйө менен түшүндүрүштү. Ага чейин өкмөттүн жаңы структурасын Социал-демократтар фракциясы жактырган болчу.

23-июнда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык, 20 министрлик 17ге кыскарган, бюджеттен 14,3 миллион сом үнөмдөлө турганы айтылган.

Токтомго ылайык, Экономикалык тескөө министрлиги Экономикалык өнүгүү жана инвестиция комитети болуп кайра түзүлмөкчү. Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен Жаштар иштери боюнча министрлик бириктирилет. Ал эми Маданият жана маалымат министрлиги Маданият жана туризм министрлиги болуп кайра түзүлөт. Мамлекеттик мүлк министрлиги өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк фонду болуп, Табигый ресурстар министрлиги Өндүрүш жана минералдык ресурстар министрлиги болуп кайра түзүлөт.

Азыр туризм тармагын башкаруу Маданият министрлигине берилишине, Жаштар министрлигинин жоюлушуна каршылар чыгууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG