Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Сотторду тандоо кеңешин түзүүнү талап кылган митинг өтүүдө


Өкмөт үйүнүн алдына чыккан митингчилер Сотторду тандоо кеңешин түзүүнү талап кылышууда. Жүздөн ашык адам азыркы сот системасына, айрым соттук корпустун 10 чакты өкүлүнө каршы плакат, ураан-кагаздарды көтөрүп турушат. Алар митингге соттордун өзүм билемдигинен, кесипкөй эместигинен жабыр тарткандар чыгышканын айтып, бул сотторго карата мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылып жатышат.

Митингчилерге азырынча бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок. Тартип коргоо органдары абалды көзөмөлгө алууда. (EK)

XS
SM
MD
LG