Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Генерал Остин: Ирактан инвесторлор качышы мүмкүн


АКШнын Ирактагы күчтөрүнүн командачысынын айтымында, согушчандардын бомба чабуулу жана кол салуулары токтотулбаса, чет элдик инвесторлор өлкөдөн агылып кете башташы мүмкүн. Генерал Ллойд Остин мындай билдирүүнү 5-июлда Багдаддын түндүгүндө өкмөттүк имараттын жанында удаама-удаа жарылган бомба 28 кишинин өмүрүн алып, ондогон адамдар жарадар болгондон кийин жасады.

Акыркы үч күндө Ирактын ар кайсы бөлүгүндө согушчандар кеминде 10 полициячыны жана жоокерди катардан чыгарды. Июнда Иракта америкалык 14 жоокер окко учту. Бул 2008-жылдын июнь айынан берки эң чоң көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG