Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Сербиянын президенти Босния менен алака жакшырат деп ишендирди


Сербиянын президенти Борис Тадич бүгүн Боснияга расмий сапар менен барып, Сараеводогу сөзүндө анын өлкөсү “Босния менен тыгыз кызматташтыкты билдирген достук мамилеге өтүүнү каалай турганын” билдирди.

“Сербия согуш кылмыштарына тийиштиги бар адамдарды экстрадициялоо жана сот адилеттиги үчүн колдон келген жардамын берип келатат жана бере берет, -деп ишендирди Тадич. - Согуштагы кылмыштарга катышкан ким болбосун, тийиштүү жазасын алышы керек. Бул ортодогу ишенимди орнотууга эле эмес, мыйзам үстөмдүк кылган коом түзүү үчүн да маанилүү”.

Эки өлкөнүн алакалары 1992-95-жылдардагы согуштан бери жакшырып кете элек. Тадич согуш аяктагандан бери Боснияга болгону экинчи жолу гана келип отурат. Серб лидери өзү Сараеводо төрөлгөн. Бул жерде ал Босниянын үч президенттүү жетекчилиги менен жолугушту. Мамлекетти президенттик үчилтик жетектейт жана ага босниялык серб Небойша Радманович, мусулман Бакир Изетбегович жана хорват Желко Комшич кирет.

Тадичтин сапарынан бир ай мурда согуш кылмыштары үчүн айыпталган босниялык сербдердин армиясынын мурдагы жетекчиси Ратко Младич кармалган эле. Ушул тапта ал Бириккен улуттар уюмунун Гаага трибуналында соттолууда.

XS
SM
MD
LG