Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков парламенттин бүгүнкү кезексиз сессиясында билдирди. Анын айтымында, президент Роза Отунбаева Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө көрсөткөн Акылбек Сариев жана Эрик Ирискулбековдун талапкерлигин атайын кат менен кайрып алды. Алардын ордуна Алмаз Асаналиев жана Журабай Мулажановдун талапкерлигин көрсөттү. Бүгүн бул талапкерлерге карата добуш берүү болмокчу.
30-июнда президент Роза Отунбаева Боршайкомдун мүчөлүгүнө Жеңиш Акматов, Акылбек Сариев, Жаркын Бапанова жана Эрик Ирискулбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Депутаттар талапкерлердин ар бирине карата добуш берип, анын жыйынтыгында Акматов менен Бапанова гана жетиштүү добуш топтой алышкан. Президент дароо эле шайланбай калган Сариев менен Ирискулбековдун талапкерлигин кайра көрсөткөн болчу. (KKs)