Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Суваналиев: Кылмышкерлердин айтканынан чыкпаган депутаттар бар


Уюшкан кылмыштуулук, ага каршы бийликтин жүргүзүп жаткан күрөшү тууралуу мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык: Кыргыз бийликтери жыл башынан тарта уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялаганын ачыктаган. Ушул иш-аракеттин табияты кандай болуп жатат? Бул чыныгы күрөшпү?

Өмүрбек Суваналиев: Муну чыныгы күрөш дегенден алысмын. Бул жөн гана PR (пиар) жүрүш. Анткени Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого барам деп, элдин башын айлантып жатат.

7-апрелде уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшөбүз деп ыңкылап болбодубу. Ошондон кийин сот системасы, Конституциялык Сот, Жогорку Кеңеш таркатылгандан кийин бүт бийлик Убактылуу өкмөттө болчу. Убактылуу өкмөт эч нерсе кыла албай койгондон кийин азыр жөн гана пиар жүрүш болуп жатат. Уюшкан кылмыш топтордун башчылары сыртка чыгып кетти.

“Азаттык: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторду жок кылууга болобу?

Камчы Көлбаев
Суваналиев: Жок кылса болот, мен башынан эле айтып келатам. Бирок биринчи кезекте коррупцияны жоготуу керек. Аны жок кылгандан кийин кылмыштуу топтор өздөрү эле банкрот болуп калат. Аларды кийин “тазалап” койсо болот.

Бийлик башындагылар Бакиев ичип-жеген миллиарддаган сомдорду-долларларды айтып келатпайбы. Ошол акчалардын баары коррупциялык схемаларда. Ал схемалардан чоңдор да, бандиттер да жеп жатат. Ошол схемаларды жана коррупцияны токтотсо, бандиттер кайдан уюшулмак эле?

Атамбаев айткандай, кылмыш топторунун мүчөлөрү ок өтпөс унаалар менен жүрүп, хан сарайларды салып жатат. Алар кайсы акчалар? Бул схемалардын чогуу бөлүшүп жүргөн акчалар да. Бүгүнкү күндө кылмыштуу топтор жок болгону менен ошол схемалар иштеп жатат. “Анда аларды ким жеп жатат” деген суроо жаралат. Муну биздин чоңдор, партия-партия болуп бөлүшүп жеп жаткан учуру.

“Азаттык: Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Камчы Көлбаевге издөө жарыяланган. АКШ да аны бир ай мурда дүйнөлүк наркорбарондордун катарына кошту. Камчы Көлбаевди кармоого Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн колу жетеби?

Бишкек, 16-март, 2007-жыл
Суваналиев: Камчы Көлбаев чет мамлекетте жүрөт. Аны кармоого мүмкүнчүлүк жок. Биринчиден, аны чыгарбаш керек болчу. Экинчиден, 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт канча кишиге издөө жарыялап, тапкандарга акчалай сыйлык беребиз деген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бирин да тапкан жок.

Адамдарды аткандардын баарын сүйлөшүп туруп чыгарып жиберишкен. Ошолорду кармай албагандан кийин кайдагы Көлбаев? Бүгүнкү күндө коррупциянын деңгээли аябай өскөнү – булардын баары чогуу бөлүшүп, акча жеп жатканы. Алар чет мамлекетте отуруп алып, бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнүн үлүшүн алып жатышат.

“Азаттык: Парламентте да кылмыш топтору менен кызматташкандар бар деп, бийик трибуналардан айтылып келатат. Мындай сөздөр канчалык чындыкка жакын?

Суваналиев: Бул чындык. Анткени кээ бир депутаттар уюшкан кылмыштуу топтордун алдында жөжөлөп, чуркап жүрүшкөн. Аларга жагалданып, айтканынан чыкпаган депутаттар бар.

Бишкек, 6-ноябрь, 2006-жыл
“Азаттык: Кылмыштуу топтор менен кантип күрөшүү керек деп ойлойсуз?

Суваналиев: Бүгүнкү күндө чыныгы күрөш жүргүзсө болот. Мисалы, Рыспек Акматбаев менен биз, милиция кызматкерлери күрөшүп жатканда, аны ким колдочу эле? Сот, прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы колдочу. Ошого карабай күрөшүп жүрдүк. Коомчулук да бизди колдоп, кылмыштуулук менен күрөшкөн.

Бүгүнкү күндө андай болбой жатат. Анткени бийликке эч ким ишенбей жатат. Мына азыр Көлбаевди сот бошотуптур деп ызы-чуу болуп жатат. 2005-жылы Эркин Мамбеталиевди Алмазбек Атамбаев түрмөдөн өзү чыгарган. Аны элдин баары билет.

“Азаттык: Рахмат.

XS
SM
MD
LG