Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Ооган президентинин инисин өлтүрүп кетишти


"Азаттыктын" Ооган кызматы билдиргендей, Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын иниси өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар шаарында киши колдуу болду. Шаардагы Мирваис ооруканасынын өкүлдөрү Кандагар дубанынын кеңешинин жетекчиси Ахмад Вали Карзайдын өлүмү расмий такталгандыгын бышыкташты. Өлтүрүү үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алып, атайын билдирүүсүндө аны "талибандын эң чоң жеңиши" деп мүнөздөдү. Ооганстандагы эң бир таасирлүү мамлекеттик кызматкерлердин бири саналган Ахмад Вали Карзай Ооганстандагы коррупциялык айыптоолордун да чордонунда болуп келген.

XS
SM
MD
LG