Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:14

Жусупжан Жээнбеков мамдирекциянын 1-орун басары болуп дайындалды


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин биринчи орун басары болуп Жусупжан Жээнбеков дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындай буйрукка премьер-министр Алмазбек Атамбаев кол койду.

Былтыркы апрель окуяларына чейин Жусупжан Жээнбеков Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты, ага чейин Жалал-Абад облусунун губернатору өңдүү кызматтарды аркалаган. (KKs)
XS
SM
MD
LG