Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Ата-энесинен кордук көргөн балдар


Жарым жыл ичинде Бишкектеги балдар ооруканасына ата-энелеринен таяк жеген 26 бала кайрылган.

Кайрылгандардын көбү өгөй ата-энесинин запкысына кабылган. Бирок балдардын баары эле зомбулук тууралу ачык айта алышпайт.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков ата-энесинин ур-токмогуна кабылып, ооруканага кайрылган балдардын саны айына беш-алтыга жетээрин айтат:

- Зомбулук көрсөткөндөр жагынан биринчи орунда ата-энелер турат, андан кийин кошуналар, үчүнчү орунда көчөдөгү тааныбаган адамдар, анан баланын өзүнүн эле жоро-жолдоштору, же жогорку класстагы окуган балдар болууда. Ал эми ата-энелерден уруп-сабоонун себебин сурасак балдарынын тентектигин, сабакты жакшы окубай койгонун, каяша айтканын, же болбосо эрди-катын уруша кетип, ызасын балдарынан чыгарганын айтышат.

Сыныктарды кабыл алуу бөлүмүн башчысы Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага түшкөн ар бир бала тиешелүү каттоодон өтөт:

- Бизде баары катталуу мисалы, мынакей, быйылкы жылы биринчи оорулуу 7 январда келип түшкөн, себеби атасынан таяк жеп, мээсине доо кеткен. Экинчи баланы карасак, бул дагы атасы уруп-сабап, башка койгулаган. Бул бала нейрохиругия бөлүмүнө жаткырылып дарыланган.

Бөлүм башчы бала кайсыл райондон келсе ошол жактын ички иштер бөлүмүнө билдирүү жиберилээрин да кошумчалады.

Таяк жеп түшкөн балдарды каттаган атайын дептерчени иликтеп отуруп, запкы жегендердин көбү өгөй ата-энесинин зомбулугуна кабылганын билүүгө болот. Ооруканага токмок жеп түшкөн балдардын бир тобу менен байланышсак, алардын бири да башынан өткөн окуяны айтып берүүнү каалаган жок.

Кыргызстан балдардын укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кол койгон жана ошого жараша мыйзам чыгарган. Ага ылайык денесине кол тийген ар бир наристе тиешелүү органдарга кайрылууга укугу бар.

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова бирок балдар кантип кайрылуунун жолдорун билишпестигин айтат:

- Балдар ата-энелер үчүн жөн эле бир буюмдай болуп калууда. Бул менин балам, эмне кылсам өзүм билем дегендей мамиле жасашат. Бирок мыйзам чегинде ата-энелер андай кылганга укугу жок. Алар бала туура эмес иш кылып койсо кол көтөрүп, же жаман сөз айткандан башка тарбиялоо жолун билишпейт. Ошол себептен тиешелүү мамлекеттик органдар коом менен, ата-энелер, балдар менен көп иштеп, түшүндүрүү иштерин өткөрүп туруш керек.

Укук коргоочунун көз карашында, акыркы мезгилде социалдык-экономикалык оор абалдын кесепети балдардын башына да тийүүдө. Үй-бүлө багууга чамасы чак ата-энелер өз күчүн балдарынан чыгарып жаткан сыяктуу.

Психологдордун айтымында, бала чагында көп запкы тарткан балдардын ден-соолугу начарлаганы аз келгенсип, келечегине да кесепетин тийгизет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай балдар кийин үй-бүлө күткөндө өз балдарына да зомбулук көрсөтүүгө жакын келишет экен.

XS
SM
MD
LG