Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Шашылыш билдирүү: Сел коркунучу уланууда


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 14-июлдан 20-июлга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

15-июлда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, Ысык-Көл жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда гана жаан-чачын болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдык ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30, Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -4…+1 градус, күндүз 9…14 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG