Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Германиялык сыйлык Путинге берилбей турган болду


Германиядагы жеке менчик кор Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путинге сыйлык ыйгаруудан баш тартканын бышыктады. Кадрига кору Путинге Германия менен тыгыз кызматташтыгы үчүн сыйлык бергени жаткан. Бирок кор Орусиядагы демократия жаатындагы абалга байланыштуу маалымат каражаттарында жана саясатчылар арасында бул чечим көптөгөн сын-пикирлерди пайда кылгандыгын билдирди. Кор болуп көрбөгөн кысымга байланыштуу, быйылкы сыйлык берүү салтанатынан таптакыр баш тарткандыгын тастыктады.

XS
SM
MD
LG