Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Египетте Мубарактын абалы кескин начарлаганын дарыгерлер четке кагышты


Хосни Мубарак
Хосни Мубарак
Кечээ мурдагы президенттин адвокаты “Хосни Мубарак эсин жоготуп, комада жатат” деген эле. Бирок аны ооруканада дарылап жаткан догдурлар бул кабарды четке кагышты. 83 жаштагы Хосни Мубарак бир нече аптага созулган массалык толкундоолордон кийин бийликтен кулатылган. Азыр аны Шарм эл-Шейхтеги ооруканада кармап турушат. Апрелде аны демонстранттардын өлүмү үчүн айыптап, суракка алып жатышканда жүрөгү кармап, ооруканага жаткырылган болчу. 3-августта Мубарактын соту башталышы керек.

XS
SM
MD
LG