Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Аравандагы окуя боюнча кылмыш иши козголду


Араван районун борбордук базарындагы окуяларга байланыштуу кылмыш кодексинин “ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы расмий маалымдады. Ага ылайык, окуяларга тиешеси бар деп бир адам кармалып, дагы бирөөнү кармоо боюнча иш жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, кечээ Араван районунун С. Юсупов атындагы айылдык округундагы мөмө-жемиш саткан базардын айланасында кыргыз-өзбек таксисттери чатакташа кетип, анда Исмаил Табалдиев аттуу таксист ур-токмокко кабылган. Сабалган тургундун 50 чамалуу жакындары бүгүн базардын алдына келип, күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартуу талабын коюшкан. Алар Араван районунун акими Пайзилла Мырзабарамов менен сүйлөшкөндөн кийин таркап кетишкен.

ИИМ маалымдагандай, учурда Араванда кырдаал туруктуу. (KKs)

XS
SM
MD
LG