Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. 21-июлдун таңына карата алынган маалыматка ылайык, Кадамжай районунда турак-жайы жараксыз абалга келгендер үчүн 20 чатырча орнотулду.
Бул районго жалпы он орундуу чатырдан 75 даана, кырк орундуу чатырдан 10 даана алынып келди. Учурда чатырчаларды орнотуу иши уланууда. 21-майга карата жер титирөөдөн кишилей чыгым катталган жок.
Баткен облусунда 20-июлга караган түнү күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын күчү Кыргызстандын бир катар облустарында жана Өзбекстандын аймактарында байкалган. (KKs)