Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов кабарлады. Маалыматка ылайык, машыгуу оюндарында коргоочу Рустам Үсөнов жаракат алып, эртеңки негизги оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. 17 футболчу, 6 расмий өкүл жана 3 футбол ардагерлеринен турган кыргызстандык делегация кечээ Ташкентке учуп кетишкен.
Футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы футболдук беттешүү 23-июлда Ташкенттин “Пахтакор” стадионунда өтөт. 28-июлда бул эки команда Бишкекте кайра беттешет.
Футбол боюнча дүйнө биринчилиги 2014-жылы Бразилияда өтөт. (KKs)