Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанованын бүгүн “Азаттыкка” билдиришинче, аймактык шайлоо комиссияларына саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер арасында чүчү кулак аяктады. Натыйжада шайлоокомдорго партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер аныкталды. Эми жарандык коомдун өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөн талапкерлерди тактоо иши калды. "Партиялык тизме боюнча чүчү кулак өттү. 27 партия берген. Эми толук курамын эртең аныктайбыз”, - деди Жаркын Бапанова.
Президенттик шайлоо үчүн жалпы 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Ар бир аймактык комиссия 12 кишиден туруп, алардын жарымы саясий партиялардан көрсөтүлүүгө тийиш. Аймактык шайлоо комиссиялары 25-июлга чейин куралып бүтүшү керек. Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (KKs)