Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Уюшма кылмыш топтун 170 мүчөсү сурак берүүдө


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн “Биринчи радиодогу" маегинде билдирди. Анын айтымында, уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө байланыштуу 70 кылмыш иши сотко өткөрүлдү. “Бул адамдар абактагыларга басым жасап, таасир кылбаш үчүн өзүнчө колонияда мобилдик байланышы жок кармалып турушат”, - деди президент. Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандын Араб Эмирлигиндеги башкы консулу ушул жумада аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, Интерпол аркылуу издөө салынган криминалдык авторитеттерге байланыштуу бир топ маселелерди талкуулашаарын кошумчалады.

Өткөн аптада Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында эл аралык издөөдө жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү делген Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияев кармалган. Муну Кыргызстандын ИИМи тастыктаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG