Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Обама дефолтту болтурбоого чакырат


АКШ өкмөтү бюджеттик дефолтко жол бербөө аракетинде. 2-августта өкмөт менен Конгресс чыгымдарды 14,3 трлн. долларга көтөрүүгө макулдашуусу керек.

АКШ өкмөтү карыздын өлчөмүн 14,3 триллион долларга чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул болсо башкаруучу эки партия ортосунда катуу талашты жаратууда. Обама республикачыларды өлкөнү бюджеттик дефолтка такагандыгы үчүн айыптаса, республикачы саясатчылар өкмөт ыксыз чыгымдарга жол бергендигин сындайт.

Дүйшөмбүдө республикачылар менен демократтар бюджеттик дефолтту болтурбоо программасын сунуштады. Ага удаа президент Обама шашылыш түрдө сыналгыга чыгып америкалыктарга кайрылды:

Президент сыналгы аркылуу калкка кайрылууда, 25-тюн, 2011-ж.
- “Тилекке каршы соңку бир катар апта бою республикачылар дефолтту болтурбоонун жолу катары кескин кыскартууларды сунуш кылууда. Эгер андайга барсак, биз кадимки төлөмдөрдү, маселен, социалдык камсыздоо, ардагерлерге жөлөк пул жана миңдеген ишканалар менен өкмөт кол койгон келишимдерди төлөй албай калабыз. АКШ менен кызматташкан инвесторлор үчүн тынчсыздануу жаратат.”

Обама республикачылар дефолтту алдын-алуунун жолу катары бюджетти кескин кыскартууну сунуштап жаткандыгын айтты. Президент республикачылардын сунушун бай америкалыктардын киреше салыгын жогорулатуу аркылуу ишке ашырса болооруна да токтолду.

Сыналгыдагы сөзүндө Барак Обама эгер мамлекеттик карыздар боюнча жаңы макулдашуу жетишилбесе - өлкө өтө катуу жабыр тартаарын эскертти. 2-августта америка өкмөтү менен мыйзамчылар мамлекеттик карыздардын көлөмүн максималдуу 14,3 триллион долларга чейин көтөрүүгө макулдашууга келүүсү керек.

АКШ конгрессинде буга чейин бюджеттик карыздарды көбөйтүү мынчалык чоң талкуу жараткан эмес. Бул жолу республикачылар карыздардын көлөмүн бюджеттик төлөмдөрдү кыскартуу менен гана жетишүүнү сунуштоодо.

Ошол эле учурда республикачылар кирешеден түшкөн салыкты көбөйтүүгө каршы чыкса, демократтар кыйын кезеңде калктын кедей бөлүгү менен кары-картаңдарга, мамлекеттик пенсия алгандарга төлөмдөрдү улантууну колдошот.

Барак Обама сыналгыда сүйлөгөн сөзүндө соңку бир нече апта бою Өкүлдөр палатасынын спикери республикачы Жон Бейнер экөө бир пикирге келише электигин айтты.

Президент "эң бай америкалыктар менен ири корпорациялардын мамлекеттик бюджетке эч кандай салым кошууга ниети жоктугун" республикачы конгрессмендер колдоп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Обамадан кийин Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бейнер сыналгыга чыкты. Республикачы спикер бюджет таңкыстыгын кыскартуунун эки баскычтуу жолун сунуштайт.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бейнер (John Boehner), Вашингтон, 25-июн, 2011-ж.
“Билесиздерби, өкмөт кеңейген сайын адамдар кичирейе баштайт. Мына азыр биздин өкмөт ушунчалык чоңойду, чыгымдар дагы көбөйдү. Туңгуюктан чыгуунун жолу оңой эле. Эгер өз чөнтөгүңдөгүдөн көп чыгым кылсаң, эми акчаны аз коротушуң керек”, – деген конгрессмен Обама бюджет таңкыстыгын жабуунун оңой-олтоң жолун көздөп жатканын, өкмөт үчүн ченемсиз чыгымдардын мезгили өткөнүн билдирди.

Президент Обама менен Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын ортосундагы бюджеттик карыздар боюнча сүйлөшүүлөр бир катар апта бою уланууда.

Сүйлөшүүлөр бир нече жолу үзгүлтүккө дагы учурады. Эгер Ак үй – Конгресс кармашы мунасага жетсе, атайын мыйзам кабыл алынып, аны бийликтеги эки партия жана Конгресстин эки палатасы жактыруусу керек.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG