Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Косоводогу чек ара кризиси жөнгө салынууда


Косово полициясы чек арадан өз күчтөрүн алып кете баштады жана кырдаал турукташуу жолунда деп билдирди "Азаттыктын" кабарчысы. Евробиримдик Косовонун аракетин колдогон жок. Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жетекчиси Кетрин Эштондун өкүлү "Азаттыктын" кабарчысына "биз Косово бийлигинин кечээги опреациясы пайда алып келген жок деп ойлойбуз. Бул эл аралык коомчулук, Евробиримдик менен макулдашылбай жасалган. Биз үчүн азыр кырдаалды турукташтыруу маанилүү" деп билдирди.

Шейшембиге караган түнү Косово полициясы чек араны көзөмөлгө алган, соңунан серб коомчулугу экинчи жактан тосуп, натыйжада тирешүү болуп, кеминде беш киши жараат алган. Белград жана Приштина менен эл аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин бул аракет токтотулду.

Өткөн аптада Сербия 2008-жылкы эмбаргосун албай жатканына жооп иретинде Сербиядан чыккан товарларды импорттоого тыюу салынган. Косовонун көз карандысыздыгын АКШ баштаган 70тен ашык өлкө тааныган, Сербия болсо аны өзүнүн бир бөлүгү катары санайт.

XS
SM
MD
LG