200 жыл мурда жасалган Бордо шарабы 117 миң долларга соодаланды. Стандарттык көлөмдөгү 750 граммдык, 1811-жылы куюлган "Шато Дикемди" франциялык жыйноочу сатып алды. Адатта шарап бир нече жылдан кийин бузула баштайт. Бирок Франциянын Бордо аймагында, Сотерн өрөөнүндө жасалган бул шараптын сапаты убакыт өткөн сайын улам жакшырып турган.