Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Түндүк Косоводо сүрмө топ чек ара бекетин өрттөп салды


Ажаалданган албаниялык сербдер Сербия менен чек арадагы бажы бекетине күйүүчү май куюлган шише ыргытып, өрттөп жиберишти. Жапа тарткандар тууралуу кабар боло элек. Сербиянын президенти Борис Тадич тополоңду дароо токтотууну талап кылган билдирүү таркатты.

Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачи тополоң үчүн Белграддын өкмөтүн күнөөлөдү. Тачи бекетке кылмыштуу топ Белград бийликтеринин тымызын түрткүлөосү менен кол салды деп ырастады. Косово Сербиядан 2008де бөлүнүп кеткен. Сербия Косовонун көз карандысыздыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG