Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Ливиянын козголоңчул куралдуу күчтөр башчысы курман болду


Кечээ кечинде болгон атышуулардан Ливиянын козголоңчул аскер башчысы Абдел Фаттах Юнис жана анын эки жардамчысы набыт болгону кабарланды. Маалыматты бүгүн Бенгазиде өткөн маалымат жыйынында Ливиянын көтөрүлүшчүл Улуттук Өткөөл Кеңешинин төрагасы Мустафа Абдул Жалил бышыктады. Маркум Юнис – Ливиянын мурдагы ички иштер министри, козголоңчулар тарапка февраль айында өткөн. Ал 1969-жылы Ливиянын башына Муаммар Каддафини алып келген топтун мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG