Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Сирияда кечээ атышууларда 140тай киши өлдү


Хамада соңку демонстрациялар жума күнкү намаздан кийин башталган, 29-июль, 2011
Хамада соңку демонстрациялар жума күнкү намаздан кийин башталган, 29-июль, 2011
Жекшембиде өлкөдөгү Хама шаарында өкмөткө каршы демонстрацияны токтотуу үчүн танкалар менен аскерлер киргизилген эле. Өкмөттүк аскерлер менен оппозициянын куралдуу күчтөрү атыша кетишкен.

Сириядагы Адам укуктарына байкоо салуу деген уюмдун башчысы Абдел Рахман бул күндү “Сирияда быйыл мартта президент Башар ал-Ассадга каршы нааразылык башталгандан берки эң кандуу күндөрдүн бири” деп атады. Анын уюму өлкө боюнча жекшембиде 136 адам өлдү деп кабарлап жатат.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүүсүндө “Сириядагы зордук-зобунду тезинен токтотууга” чакырып, “Анкара бүтүн мусулман дүйнөсү менен биргеликте ыйык Рамазан айынын алдынан мындай окуялар болуп жатканына терең кайгырып жатканын” билдирди. Евробиримдиктин Тышкы иштер министри Кэтрин Эштон да “Сириянын коопсуздук күчтөрүн элди кырбай, коргоого” чакырды.

XS
SM
MD
LG