Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Сириядагы кырдаал дүйнө коомчулугунун назарында


Хамалыктар жума намазды улай нааразылык акцияына чыкты, 29-июль.
Хамалыктар жума намазды улай нааразылык акцияына чыкты, 29-июль.

Укук коргоочулар сириялык аскерлер жекшембиде бир эле Хама шаарында 100дөн ашуун кишини өлтүргөнүн айтышууда.

Эл аралык коомчулук Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Сириядагы кырдаалды чукул жыйынында талкуулап, Башар ал-Ассаддын бийлигине кысым көрсөтүүгө үндөп жатат.

Сирия армиясы жекшембиде танктар жана башка оор согуштук техниканын жардамы менен Хама шаарында эл орноткон тосмолорду кыйратып, укук коргоочулар имарат-жайлардын чатырына жайгашкан көзгө атарлар көчөгө чыккан адамдарды туш келди аткылаганын билдирип жатышты. Чет элдик журналисттер жокко эсе болсо да, Хаманын катардагы жашоочулары жагдайды камерага тартып, сүрөт жана видеотасмаларын интернет аркылуу дүйнөгө таратууда.

Атылган октон паана издегендер, Хама.
Ошондой видеотасманын биринде кара түтүн каптаган Хамадагы көчөдө жарадар бирөөнү эки-үч киши куткарууга далалат кылганда, аларды көздөй танктан ок атылат. Сателлит байланышы жоктор өлүү, же тирүү экенин башка жакта жашаган туугандарына кабарлай албай беймаза абалда калды.

Түркияда качкын макамын алган Фирал Салгатхам Сириянын Хама шаарында жашаган бир туугандары менен эки күндөн бери байланыш жоктугунан сарсанаага батканын айтат.

- Менин жакындарымдан бирөө өлгөнүн уктум, кимиси экенин билбейм. Апамбы, атамбы, же бир тууган карындашымбы, ойлой берип башым катты. Интернет, электр, телефон байланышы – баары өчүрүлгөн. Ал жактагы эл түнөрүп унчукпай отурат.

Сириянын өкмөтү ал тапта кагылышуулар үчүн Хамадагы “куралчан бандиттерди” айыптады. Дүйшөмбүдө өлкөнүн куралдуу күчтөрү уюшулганынын 66 жылдыгын белгилеген атайын жыйында Сириянын президенти Башар ал-Ассад “армия дагы бир ирет элге, мамлекетке жана динге берилгендигин көргөзө алды” деп басым жасады.

1-август күнү Германия, Италия Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Сирияда татаалдап кеткен кырдаалды чукул жыйында талкуулоого чакырышты. Укук коргоо уюмдары өз булактарынан алынган маалыматка таянып, оппозиция ишмердиги кеңири жайылган Хама жана башка шаарларда Сирия армиясынын огунан өлгөндөр саны 140 адамдан ашканын билдирүүдө.

Күйүп жаткан автоунаа, Хама, 31-июль.
АКШ президенти Барак Обама өз элине каршы курал-жарак колдонгон Сирия өкмөтүнүн саясаты акылга сыйбаган иш болду деп сыпаттады. Британия, Франция, Португалия Сириянын президенти Башар ал-Ассаддын карапайым тургундарды аябаган ырайымсыз жосунун айыптап, маселени Улуттар уюмунда талкуулоого үндөп келатканына бир нече ай болду.

Бирок Орусия, Кытай, Түштүк Африка, Индия жана Бразилия – НАТОнун Ливиядагы аба соккуларына катуу каршы чыгып, андан улам Сириянын режимин айыптаган билдирүүнү колдобой турганын эскертишкен.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG