Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Түрк жараны Али Осман Зор дагы бир ай камакта болот


Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча түрк жаранынын абакта кармалуу убактысы дагы бир айга узартылды. Укук коргоочунун айтымында, Али Осман Зор өзүнүн мыйзамсыз туткундалып жатканын билдирүү максатында ачкачылык жарыялаганына бүгүн 20 күн толот.

УКМК террордук уюмдун мүчөсү деп шектелип жаткан түркиялык жаран Али Осман Зорду 2-майда камакка алган.

“Ал-Кайида” уюму менен байланышта деп айыпталып, өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Али Осман Зор былтыр жайында Кыргызстандан саясий башпаанек сурап кайрылган. Эмгек жана миграция комитети ага качкын макамын берүүдөн баш тартканы белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG