Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Мырзаибраимов: Дин саясаты түшүнүктүү болгону абзел


Ош шаарынын казыяты мечиттерде түнөөгө тыюу салып, муну коопсуздукка байланыштырды. Теология илимдеринин доктору Самаган Мырзаибраимов "Азаттыкка" маек курду.

- Коопсуздук үчүн мечитте түнөөгө тыюу салынууда, казыят эмнеден кооптонуп жатышы мүмкүн? Анткени мечитте адатта барар жери жок, жолдо калган жолоочулар, бечара-карыптар түнөйт эмеспи…

- Туура айтасыз, мечиттердин негизги кызматы – ибадат кылуу болгону менен, тарыхта деле мечиттер жолоочуларга түнөк, жардам, диний билим берүү функцияларды аткарган.

Ушул тапта башка мамлекеттерде деле мечиттерде түнөөгө тыюу салынган учурлар бар. Бирок эмне себептен, эмнеге таянып тыюу салып жатканын жергиликтүү органдардан сураш керек.

Азыр мечитте жолдо калып, түнөккө муктаж болгондор калуудабы, же башка кандайдыр бир диний агымдардын өкүлдөрү жатып атабы? Мына ушул суроону жергиликтүү казыятка бериш керек.

Жолоочу-карыптарга түнөк берүүчү мечиттердин курулуш системасы да башкача болушу керек. Анткени түндө кишилер жатып калгандан кийин эртең менен мусулмандардын намаз окушуна ылайыктуу кылып кайра дайындап берүү жолго салынганбы, муну да карашыбыз керек.

- Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурунда бир катар мечиттерди кыдырып келип, андагы абал санитардык жана башка талаптарга жооп бербейт деп нааразы болгон эле. Ошондой эле балдарга диний сабак берилип жүргөн кээ бир мечиттерде аларга ылайыктуу эч кандай шарт түзүлбөгөнү, балдар илгерки замандардагыдай жерге отуруп окушары, тазалыктын жоктугу тууралуу да айтылып жүрөт...

- Биздин мамлекеттин дин саясатынын жоктугунан жана муфтияттын көптөн берки эле системалуу иштөө тартибинин, ыгынын жоктугунан ушул маселелер келип чыгууда. Эгерде бизде дин саясаты болгондо, же ал жолго коюлганда мындай маселени талкуулап отурбайт элек. Ошондуктан бул маселени кеңири мааниде карашыбыз керек.

Албетте мечиттердин жеткинчек балдарга, айрыкча окуудан каникулга тарашкан учурда куран курстарын окутканы туура, бирок анын шарттарын түзүп берип, ошону көзөмөлдөп, андан кийин уруксат берүү керек. Бирок ошол эле учурда талапка жооп бербейт деп, толугу менен тыюу салып коюу да туура эмес.

- Кыргызстанда мечиттер көп курулуп жатат. Бирок ошол мечиттерди курган киши да ал жерде намаз окуп, ибадат кылуудан тышкары балдарга куран курстар окутуларын, жолоочулар түнөк алышарын эске алып, куруусу керекпи?

- Мечиттердин көп же аз болушу негизги маселе эмес, алардын кандай иштеп, келген кишилердин кандай тейлениши негизги маселе. Ошондуктан мамлекет жана муфтият буга көңүл буруп, көзөмөлдөп турушу керек. Эгер көп курулуп атса, ошончолук муктаждык бар, бирок тыюу салуу туура эмес.

Мамлекеттик дин саясаты болбогондуктан жергиликтүү бийлик органдары мечиттерде түнөөгө, балдарды окутууга тыюу сала баштады. Ошондуктан бул жерде атайын бир парадигма иштелип чыгып, ага жараша иш алып барылышы керек.

- Даватчылык маселеси да талаш-тартыштарды жаратып келе жатат. Айрым маалыматтар боюнча ушул тапта даватчылык кылгандар төрөт үйлөрүнө чейин кирип, жаңы төрөлгөн ымыркайга ат коюп, азан чакырып жатыптыр. Бул канчалык деңгээлде туура?

- Негизги идея катары бул аракеттер ислам динине каршы келбейт, бирок ошолорду кайсы мезгилде, кандай шартта аткарылышы керек, мына ушуну жөнгө салуу маселеси чечилбей келе жатат.

Азан айтуу же төрөт үйүнө даватчылардын барышы жөнөкөй көз караш менен караганда нормалдуу көрүнүш. Бирок кептин баары алар кайсы жамааттын кишилери, алар кимдердин "комузун чертип" жатканында. Мына ошолорго баа беришибиз керек.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG