Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Кыргыз-аке, суу берчи


Казакстандын айдоо талааларына быйыл суу жетпей, кургакчылык катуу. Бишкекке келген казак делегациясы ушул тапта кошумча суу суроодо.

Оңтүштүк Казакстан облусунан суу чарбасын тейлеген бир катар чиновниктер Бишкекке келип, 2-3 күндөн бери казак айдоо аянттарына кошумча суу берүү маселесин сүйлөшүп жүрүшөт. Казакстандын түштүгүндөгү айдоо аянттарында кургакчылык болуп, суу жетпегендиктен миңдеген гектар айдоо аянттары кууроо алдында экени айтылууда.

Кыргыз тарап өз кезегинде белгиленген өлчөмдө суу Кыргызстандан чыгып атканын айтышууда. Маалыматка караганда, эгер Токтогул суу сактагычын ачып, казак тарап сураган өлчөмдө суу чыгарыла турган болсо, анда Кыргызстандын өзү кышында электр энергиясынан кыйналуусу ыктымал.

Президент Роза Отунбаева Камбар-Ата-2 ГЭСинде, 30-август, 2010-жыл
Токтогул суу сактагычы Энергетика министрлигинин карамагында. Андыктан суу боюнча сүйлөшүүгө келген кошуналар оболу дал ушул министрликтин эшигин каккылашат.

Энергетика министрлигинин жетекчилиги суу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атканына шылтоолоп, азырынча комментарий берүүдөн качып жатышат. Казак тараптан келген делегация да сүйлөшүүлөр тууралуу жооп берүүгө макул болушпады.

Суу чарбасы жана мелиорация комитетинин төрагасы Зиядин Жамалдинов болсо Оңтүштүк Казакстан облусунан келген делегация менен сүйлөшүүлөрдү Энергетика министрлиги жүргүзүп жатканын айтып, казактарга суунун жетпей жатканы, өзбек талааларында суунун көп пайдаланылышына байланыштуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады:

- Алар ала турган суунун бардыгы Токтогул суу сактагычынан болуп атпайбы. Ал суу сактагыч бүгүн Энергетика министрлигине карайт...

“Азаттык”: Казакстандан келген делегация менен сүйлөшүүгө сиздер да катышып атасыздарбы?

- Биз да отуруп сүйлөшөбүз, угабыз. Энергетиктер эгерде электр энергиясын иштетип чыгарып, ошондон чыккан сууну беребиз дешсе, ошону бериши мүмкүн да. Андан тышкары булар “холостой сброс” (иштетпей эле сууну чыгара берүү) деп атышпайбы. Аны министрлик жасай албайт экен. Ал эми электр энергиясын ашыкча өндүрүп чыгарсак, аны эч ким албаса...

География илимдеринин кандидаты Кайрат Молдошев “Азаттыкка” курган маегинде казак талааларына сууну жеткирүү маселеси бир гана казак-кыргыз сүйлөшүүлөрү менен эле бүтүп калбасын айтат. Анын айтымында, Токтогулдан чыккан суу Өзбекстан, Тажикстанга барып, андан кийин гана кайра Өзбекстан аркылуу Казакстанга барат. Андыктан бул жерде өзбек, тажик тарап менен да сүйлөшүү керек болот:

- Токтогул ГЭСин ачсак түз эле Казакстанга кирип кетсе бир жөн. Андай эмес да. Өзбекстандын ичине келгенде ошол суулар канчалаган каналдар аркылуу кетет. Ошол каналдар менен барып, Тажикстандын аймагында Кайракум суу сактагычына топтолот. Андан чыгып кайра Өзбекстан аркылуу Казакстанга барат. Ошол Тажикстандан сурашса болмок, канча суу топтолду деп...

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Бактыбек Калмаматовдун айтымында, казак тарапка сууну берүүгө келгенде сөзсүз түрдө маселени өлкөгө пайдалуу кылып чечкенге толук шарттар бар. Бирок ал өкмөттүн дараметине жараша болмокчу:

Бактыбек Калмаматов
- Казак өлкөсүндөгү биздин мигранттардын маселеси, кошуна мамлекет катары ошол эле ортодогу чек ара маселеси, соода-сатык маселеси боюнча эки өлкө ортосунда жылдан-жылга бир топ ыңгайсыздыктар жаралып келатат жылдан жылга.

Мына ошондой ыңгайсыздыктарды жоюу маселесинде, албетте мунун актуалдуу маселе катары көтөрүп, “биз кошунабыз. Биз сууну берели, силердин сууга муктаждыгыңар бар экен. Биздин муктаждыктарды силер канааттандыргыла” деп, конкреттүү маселелерди коюп, бир жактуу чечим чыгарганга толук мүмкүнчүлүк бар. Ал чечим эки тарапка тең пайдалуу болушу керек.


Ошентсе да депутат Б.Калмаматов, Бакиев маалындагыдай өкмөт сууну жең алдынан сатып, өлкө электр жарыгысыз калбаса болду деп тынчсызданууда. Ошол себептүү парламенттеги оппозиция Токтогулдагы суунун кандайча пайдаланылып атканын көзөмөлдөмөкчү.

Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычынан секундасына 463 куб метр суу агып чыгууда. Ошол эле маалда секундасына 631 куб метр суу кирип жатат. Чыгып аткан суу өзбек талааларынан ашпай, казак талаасына жетпей калып аткандай. Андыктан сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү бүтпөсө, казак айдоо талаалары куурап калуусу да ыктымал.

XS
SM
MD
LG