Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

БУУ Сирияны "айыптады"


Хаманы шаршембиде өкмөттүк танкалар ээлеп алышканы тууралуу интернетте видео-тасма жарыяланды, 3-август, 2011
Хаманы шаршембиде өкмөттүк танкалар ээлеп алышканы тууралуу интернетте видео-тасма жарыяланды, 3-август, 2011

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын өкмөтүн демонстранттарды күч колдонуп басканы үчүн кескин айыптады. Уюм Сирияга каршы билдирүүсүн азыркысынан да күчтүүрөөк жасамак, бирок шаршембидеги добуш берүүдө кеңештин айрым мүчөлөрү ага көнбөй коюшту.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириянын өкмөтүн өлкөдө демонстранттарды курал менен кууп басканы, президент Башар ал-Ассаддын режимин адам укуктарын орой бузуп жатканы үчүн айыптады.

Чынында, кеңешке мүчө Батыш мамлекеттери Сирия боюнча резолюция мындан да күчтүүрөөк болушун каалашкан. Бирок Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ Орусия менен Кытай “бул кайра Ливиядагыдай сценарийдин кайталанышына алып келет”, башкача айтканда, Сирияга да чет-өлкөлүк аскерлердин киргизилишине жол ачат деп чочулап, ага каршы болушту.

Акыр аягында кабыл алынган билдирүүсүндө кеңеш “Сирияда бийликтер куралсыз элге каршы күч колдонгонун, адам укуктарын орой бузган окуялар кеңири тараганын” айыптады.

Билдирүүдө Сириядагы зордук-зобунду тезинен токтотуу талабы айтылган. Эки тарапты тең сабырдуулукка, кескин аракеттерге барбоого чакырышты. Демонстранттарды болсо мамлекеттик органдарга чабуул жасоодон оолак болууга үндөштү.

"Ооз ачырган зөөкүрлүк"

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун соңку күндөрү Сирияда элдик толкундоолордун курал менен басылышын “акылга сыйгыс зөөкүрлүк” катары сыпаттады.

“Мен Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн эл аралык коомчулуктун сөзү катары жылуу кабыл алдым, - деди баш катчы. - Дүйнө элдери Сириядагы кырдаалды улам күчөгөн тынчсыздануу менен байкап турду. Бирок соңку күндөрдөгү окуялардын зөөкүрлүгү чындап таң калтырат. Дагы бир жолу кайталайм – мен президент Ассад менен Сириянын бийликтерин бүт зордукчул аракеттерин тезинен токтотууга чакырам”.

Сириянын президенти Башар ал-Ассаддын үй-бүлөсү өлкөнү соңку 40 жылдан бери башкарып келатат. Быйыл жыл башында Египеттеги жана Тунистеги ыңкылаптардан кийин бул жакта да Ассаддын режимине нааразы болгон эл көчөгө чыккан эле.

Бирок, региондогу башка мамлекеттерден айырмаланып, Сириядагы толкундоолордун кесепети оор болуп жатат. Адам укугун коргоочу жергиликтүү уюм Ассадка каршы нааразылык быйыл мартта башталгандан бери 1600 ашуун карапайым тургун, коопсуздук күчтөрүнүн 370 кызматкери кагылыштарда набыт болгонун билдирди.

Эң кандуу окуялардын акыркысы өткөн аптанын этегинде оппозициянын очогуна айланган Хама шаарында башталды. Өткөн дем алыш күндөрү ал жакта өкмөттүк аскерлер танкалар менен кирип, демонстранттарды күч менен басышкан эле.

Бир кызык жери – мындан 30 жылдай мурдараак, 1982-жылы, дал ушул шаарда азыркы президенттин атасы Хафез Ассад исламчыл козголоңчуларды басыш үчүн 20000 адамды кырган эле. Бирок бул жолку демонстрация бир эле Хамада эмес, өлкөнүн баардык аймактарына таркады жана эл аралык коомчулук тынчсыздануусун билдирип жатат.

"Реформалардын учуру"

Британиянын Улуттар уюмундагы элчиси Марк Лайал Грант Сирияда “терең саясий реформаларга” жана оппозициянын демонстрацияларына күч колдонулушуна жооп бергенге убакыт жеткенин билдирди.

“Сириядагы жырткычтык токтотулушу керек. Өлкө стабилдүүлүккө карай жолун табышы зарыл, - деди элчи. - Буга зордук-зобунду тезинен токтотуп, саясий реформаларды кечиктирбей баштоо менен гана жетсе болот, нааразы болгон элге каршы курал ачкандарды жоопко тартуу менен гана жетсе болот”.

Сириянын SANA мамлекеттик маалымат агенттиги ушул жекшембиде парламент чукул жыйынга чогулуп, “мамлекет жана анын жарандарына тиешелүү” маселелерди карай турганын кабарлады. Бирок жыйында талкууланчу маселелер туралуу кеңири сөз айтылбады.

Быйыл мартта өлкөдө демонстрациялар башталгандан кийин президент Башар ал-Ассад саясий реформаларды жасайм деп касам ичкен. Бирок президент жарандардын эркин жыйналууга укугун тааныбай жатат жана нааразылыкка чыккандарды “куралчан кылмышкерлер” деп атап, алардын артында “сырткы күчтөр турат” деп билдирди.

Ал жакта чет өлкөлүк журналисттерге иштөөгө тыйуу салынгандыктан, ар тараптан айтылып жаткан кабарларды тастыктоо да кыйын болуп турат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG