Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Лондондо полиция ок ачкандан кийин тополоң чыкты


Британиянын баш калаасындагы Тотенхэм ооданында тартип сакчысына жана эки полиция машинасына күйүүчү бомба ыргытылып, автобуска жана имараттарга өрт коюлду. Сегиз тартип сакчысы жараат алып, ооруканага жеткирилди. Кимдир бирөөнүн камакка алынганы кабарланган жок.

Тополоң бир адамды тартип сакчысы атып өлтүргөндөн кийин чыкты. 300 чакты киши полиция бекетинин алдында чогулду. Кийин аларга дагы 200дөй киши кошулду. Тотенхэм - Англиядагы эң жарды аймактардын бири деп саналат. Укук коргоочулардын айтымында, мында жаш балдардын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашайт. Тотенхэм кара түстүүлөр басымдуулук кылган аймак.

XS
SM
MD
LG