Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Жоокердин өлүмүн акыйкатчы териштирет


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Түптөгү “Каркыра” чек ара бекетинде өз жанын өзү кыйды деген жоокердин ишин өз көзөмөлүнө алды.

Катардагы аскер Эрлан Мамытов быйылкы жылдын 29-июлунда муунуп өлгөн деп кабарланган болчу. Бирок маркумдун жакындары анын өз жанын өзү кыйганына ишенбей жатышат.

Соңку учурда кыргыз куралдуу күчтөрүндө жоокерлер ур-тепкиге кабылып, алды мерт болгон учурлар катталууда.

Маркум Эрлан Мамытов бөлөсү Бегимай экөө чогуу өсүшкөн экен. Азыр туугандарынын баары "Каркыра" чек ара бекетине куран окутканы кетишкенин айтып берди:

- Үйдөгүлөрдүн баары ошол муунуп калды деген жерине барып, кан чыгарып келели деп кетишкен. Мен Эрлан абамдын муунуп өлдү дегенине такыр ишенген жокмун. Ал намазга жыгылчу. “Өз жанын өзү кыйганга Куран да окулбайт” деп айтчу.

Эрландын аскерге барганына үч эле ай болуптур. Ашпозчу болчу дешет. "Өз жанын өзү кыйды" деген кабар тарап, бирок жакындары ишенбей жатышат. Эрландын жакындары акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылып, ал "Каркыра" чек ара бекетине барып келди.

Акун аталган чек ара бекетинде “дедовщина” көрүнүшүн байкабаганын "Азаттыкка" кабарлап, бирок бекеттин абалы начар деп кошумчалады:

- Эрлан менен кошо 16 бала бир барган экен. 91-жылкы балдар экен. “Дедовщинаны” байкай алган жокпуз. Баары чогуу чакырылып барган экен. Шарттары чынында эле аябай начар экен. 2006-жылдан бери өкмөттөн бир дагы материалдык жардам берилбептир. Ремонтко акча бөлүнгөн эмес. Бир кичинекей бөлмөдө 14 киши жатат, ичи сасык. Терезеси дээрлик жок. Офицерлер болсо кошуна айылда үйлөрдү ижарага алып, барып келип иштешет экен.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы Эрлан Мамытов киши колдуу мерт болду деген жоромолду четке каккан.

Аталган кызматтын Тарбия иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Мадылбек Ашыралиев маркумдун жакындары менен жергиликтүү укук коргоочулар катышкан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Эрлан Мамытов өз жанын өзү кыйганын көрсөткөн деп “Азаттыкка” билдирген эле:

- Бул иш боюнча комиссия түзүлгөн. Азыр комиссия иштеп жатат. Киши колдуу болгон эмес. Жаш балдар турмушту көрүп, ага чыдай албай жатпайбы. Атасы 2006-жылы өтүп кеткен, апасы Бишкекте иштейт экен. Бир туугандары бар экен. Биз жактан бардык чаралар көрүлүп жатат. Судмедэкспертиза объективдүү эле жүрдү. Ага аскер прокурору да катышкан.

Чубак Бакыт уулу
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Аскердик прокуратура тергеп жатат.

Жыл башынан бери Кыргызстан куралдуу күчтөрүндө бир катар зомбулук фактылары катталды.

Маселен, март айында Баткенде “Катраң” чек ара бекетинде кызмат өтөгөн 19 жаштагы Назарбек Абдразак уулу ур-тепкиден көз жумган.

Май айында Бишкектеги Жаза өтөө башкармалыгынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Чубак Бакыт уулунун токмоктолгонун “Азаттык” жазып чыккан.

Июнь айынын башында Ошто “дедовщинага” чыдабай Эсен Ибрагимов аттуу жоокер өзүн өзү атып, шаардык ооруканага түшкөнү кабарланган болчу.

XS
SM
MD
LG