Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

АКШ элчилиги жактоочу менен айыпталуучуларды коргоого чакырды


АКШ элчилиги былтыркы июнь коогалаңы боюнча соттук териштирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурап, айыпталуучулар менен алардын жактоочуларына карата кайталанган кол салуулар болуп жатканына терең тынчсыздануу билдирет. Мындай билдирүүнү элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн таркатты.

Билдирүүдө жазылгандай, эң акыркы мындай кол салуу 2011-жылдын 2-августунда Ош шаарында болгон.

“Бул сыяктуу көрүнүштөр жарандардын адилеттүү жана бейтараптуу соттук териштирүүгө болгон конституциялык укугуна доо кетирет. Кыргызстандын тартип коргоо кызматкерлери сот залында, көчөдө же камак учурунда жактоочулардын, айыпталуучулардын, күбөлөрдүн жана алардын туугандарынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш”, - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан улам АКШ элчилиги тартип коргоо органдарын мындай кол салууларды алдын алууга жана алар орун алган учурда тез токтотууга, ошондой эле Башкы прокуратураны бул сыяктуу агрессивдүү аракеттерди иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG