Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Жаңы тандалган судьяларга каршы акция өтүүдө


Жогорку Соттун жаңы тандалган 29 судьясына каршы Бишкектеги Ак үйдүн алдында акция өтүүдө. Кеминде 30дай жарандык активист Сотторду тандоо кеңеши жакында тандаган Жогорку Соттун 29 судьясына нааразылыгын билдиришип, алардын талапкерлигин кайра кароону сунуштап жатышат. Алар Жогорку Сотко жаңы тандалган судьялар мурда таза иштеген эмес деген жүйөнү карманышууда.

Акциянын катышуучусу, жарандык активист Майрамбек Асековдун билдиришинче, алар өз талаптары жазылган плакаттарды Ак үйдүн алдындагы темир тосмолорго илип, ар кыл түстөгү тасмаларды көтөрүп турушат. Алар менен Жаштар парламентинин депутаттары сүйлөшүп жатышат. Мындан тышкары чогулгандар жаңы тандалган судьяларды бекитпөө талабы менен кол топтошууда. Бул кол топтоо 15-августта да уланып, чогулган колдор президентке кайрылуу менен берилет.

Мындай акцияга жаңы тандалган судьялардан реакция боло элек. Буга чейин Сотторду тандоо кеңеши ал судьялар адилет тандалганын билдиришкен.

Кечээ соттордун тандалышы боюнча Бишкекте өткөн жыйында президент Роза Отунбаева тандалган судьяларга байланыштуу бир катар сын-пикирин айтып, ар бир судья менен өзү маектешип чыгарын билдирген.

8-июлда Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кенешинин 24 кишиден турган курамын бекиткен. Жакында бул кеңеш Жогорку Соттун 29, Контитуциялык палатанын 11 судьясын кайра тандап чыккан. Жогорку Соттун 6 оруну үчүн жаңы талапкерлер сунушталары кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG