Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

АКШ жана Түркия "Сирия демократияга өтүүсү" керек деп эсептейт


Бул тууралуу Ак үй билдирди. Маалыматка караганда, АКШ президенти Барак Обама менен түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган "Сирия демократияга өтүүсү" керек деген орток пикирге бейшембидеги телефон сүйлөшүүсүндө келишкен.

Сириянын өзүндө болсо бул күнү президент Башар Ассаддын өкмөтү режимге каршы чыккандарды армиянын жана танктардын жардамы менен басуу аракетин улантканда, активисттер менен күбөлөрдүн айтымында, кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды. Маалымат агенттиктери америкалык администрация өкүлдөрүнө шилтеме жасап кабарлашкандай, Вашингтон азыр Ассадды бийликтен кетүүгө тикелей чакыруу маселесин караштырууда.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Си-Би-Эс телеканалына АКШ Сирия президентинин кызматтан чегинүүсү жөнүндөгү талаптарга башка өлкөлөр да үн кошуусун кааларын айтты. АКШ Башар Ассад бийлик жүргүзүүгө легитимдүүлүгүн толугу менен жоготту деген турумун буга чейин бир нече ирет билдирген.

Укук коргоочу активисттер менен БУУнун дипломаттарынын эсебинде, Ассадын режимине каршы март айында нааразылык акциялары башталгандан бери Сирияда 2000дей кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG