Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:05

Президент болчулардын дымагы жана урааны


Президенттикке талапкерлердин саны мурда болжонгондой эле элүүдөн ашты. Алардын айрымдары улутчул маанайдагы ураанды карманары айтылса, башкалары жаш реформаторлорду алып келерин убада кыла башташты.

Күздө өтчү президенттик шайлоого талапкерлердин саны 54 болду. Алардын арасында Акаев доорунан бери оппозицияда жүргөн ири саясатчылар, ошол эле кезден бери чоң кызматтарда жүргөн карт оюнчулар, алар менен катар жумушсуздар да бар.

Талдоочулардын баамында, бир катар талапкерлер шайлоого соодалашуу үчүн гана баратышат. Алар негизги талапкердин пайдасына өз талапкерлигин алып салып, ал жеңген учурда акча же кызматка ээ болушмакчы. Дагы бир даары атын чыгарууну көксөшөт. Кээ бир талапкерлер дараметин билбей эле “президент болом” деген ойдо жүрүшөт.

"Азаттыктын" архивинен алынган сүрөт. 2009-жыл
Эми ошол талапкерлер шайлоодо кандай ураандарды көтөрүп, шайлоочуларды кантип имеришмекчи?

Экономика илимдеринин кандидаты Төлөнбек Абдыров “Азаттыкка” билдиргендей, талапкерлерге көз чаптырып, алар көтөрчү ураандарды 3-4 топко бөлсө болот.

Маселен, кайсы бир талапкерлер орусиячыл экенин баса белгилешүүдө. Дагы бирөө Батыштагыдай өлкө курарын убада кылууда. Айрымдары мусулмандарга таянып, халифат курарын айтса, башкалары улутчулдукка басым жасашмакчы:

- Эми эл деле "өлкөгө кимдин пайдасы көбүрөөк болот" деп карап турат. Кыргыз эли соңку жылдары көп эле кыйынчылыктарды өткөрүп атат. Менимче даанышмандык кылып, биздин эл кандай гана таттуу ураанды кулактарына куйса да жөн эле артынан эрчип кетпей, акыл менен тандашса болот эле. Ал эми жанагы салмагы чоң саясатчылар “Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз!”, “Жакшы жашоо алып келебиз!” дегендей эле ураандарды айтат го.

Саясий серепчи Руслан Ташановдун пикиринде, президенттикке талапкерлер тышкы саясат боюнча да бөлүнүп, ошого жараша ураан көтөрүп чыгышмакчы. Анын айтымында, былтыркы шайлоо маалында тышкы саясий күчтөр, айрыкча Орусия шайлоо процесстерине ачык кийлигишип, кайсы бир Кремлчи топторду колдоого алган.

Андыктан Москванын күчүн түшүнгөн айрым талапкерлер “Орусия менен бирге” деген сыяктуу ураандарды көтөрүшсө, Орусия саясатын жактырбагандар өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй реформаларды убада кылышмакчы:

- Тышкы саясаттын багыты боюнча да талапкерлерди бир нече топко бөлүп карасак болот. Биринчи эң чоң топ, бул тышкы саясаттын багыты Орусия баштаган КМШ өлкөлөрү дегендер. Экинчи топ, Европа жана АКШга ыктаган тышкы саясатты алып кетебиз деген талапкерлер. Калгандары майдараак топтор.

Ислам өлкөлөрүнө жакындайбыз, Түркия менен бир болобуз дегендер. Ушундай жаңы саясий багытты тутунган талапкерлер да бар. Ошол эле маалда “тышкы саясатты Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн, мындайча айтканда көп багыттуу, тең салмактуу жүргүзөбүз” деген күчтүү талапкерлер бар.


Карап көрсөк азыркы 57 талапкердин арасында, Орусияга таянарын айтып келаткан Акбаралы Айтикеев сыяктуулар, исламдык өлкө курууну убада кылган Нурлан Мотуев өңдүүлөр, Жаныбек Сүйналиев сымал жумушсуздар жүрөт.

Бирок ар кыл маалымат каражаттары жүргүзгөн сурамжылоолорго таянсак, шайлоого аттангандар арасында негизги атаандаш болчулар Марат Султанов, Өмүрбек Текебаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров сыяктуу саясатчылар болмокчу. Жакынкы күндөрү премьер-министр Алмазбек Атамбаев да шайлоого катышуу ниетин билдирсе, негизги талапкерлер тизмесин баштап калуусу ажеп эмес.

Серепчилердин баамында, бул шайлоодо К.Ташиев шайлоочулардын улуттук сезимдерине басым жасаса, А.Мадумаров “Күчтүү президенттик башкаруу!”, “Орусия менен бирге!” дегендей ураандарды көтөрүп чыгышы мүмкүн. Ал эми М.Султанов экономиканы көтөрөрүн айтса, Ө.Текебаев көзүр ураан катары жаш реформаторлорду бийликке алып келерин билдире баштады.

XS
SM
MD
LG