Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Келдибеков: Судьялар маселесине депутаттар чекит коюшу керек


Соттордун тандалышы боюнча соңку жагдайларга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков бүгүн парламенттеги депутаттарга кайрылып, судьялардын айласындагы маселелерге депутаттар чекит коюшу керектигин билдирди:

“Сот системасы боюнча эл көтөрүп жаткан маселени, татыктуу эмес сотторду өткөрүп-өткөрбөө сиздердин колуңуздарда. Добуш бербей өткөрбөсөңөр өтпөйт. Сотторду тандоо кеңеши да ушул жерде түзүлгөн. Ишөөнбөөчүлүк болсо, добуш менен чечиңиздер”,-деди Келдибеков.

Бүгүн Ак үй алдына “Сотторду тазалоо” кыймылы нааразылыкка чыгып, Соттордун тандоо кеңеши тандаган судьяларды бекитпөө талабын билдиришүүдө. Алар буга чейин таза иштебеген соттор кайра эле тандалды деген пикирлерин билдиришүүдө. Ак үй алдындагы нааразылык акцияларынан улам Жогорку Кеңештин бүгүнкүгө белгиленген кезексиз жыйыны дале болсо башталбай жатат.

8-июлда Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кенешинин 24 кишиден турган курамын бекиткен. Жакында бул кеңеш Жогорку Соттун 29, Конституциялык палатанын 11 судьясын кайра тандап чыккан. Жогорку Соттун 6 оруну үчүн жаңы талапкерлер сунушталары кабарланган. Соттордун тандалышы боюнча буга чейин бир нече нааразылык акциялары болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG