Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Казак туристти өлтүрдү деп шектелгендер кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов билдирди.

Кечээ Бишкекте кылмышка шектүү 3 жигит кармалды. Алардын бири 1994-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, экөө 1991-жылы төрөлгөн Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургундары экендиги аныкталды. Алардын жанынан өлтүрүлгөн туристтин кол сааты жана анын жездесинин капчыгы табылды.

Учурда бул үч адамга Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноочулук жана денесине оор залал келтирүү) жана 104-берене (денесине оор залал келтирүү жана өлүмгө дуушар кылуу) боюнча кылмыш иштери козголду. Ушул тапта кармалгандар Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, тергөө амалдары уланууда.

7-августта Ысык-Көлдүн жээгинде казакстандык турист Ерлан Балмахаевге белгисиз бирөөлөр кол салып, ур-токмокко алган. Ал бир аптадан кийин, Бишкекте эс-учуна келе албай жатып жан берген. Дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын билдиришкен. Балмахаевдин башына эки жолу операция жасалса да ал эсине келген эмес.

Казак туристтин сабалышын тыкыр иликтөөнү президент Роза Отунбаева ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге тапшырган.(AzK)

XS
SM
MD
LG