Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Базар-Коргон милициясынын жетекчиси алмашты


Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине Абдил Куланбаев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кол койду. Куланбаев буга чейин Ош ИИБинин жетекчисинин орун басары болуп келген.

Базар-Коргон РИИБинин мурдагы жетекчиси Молдокеев Орусия жараны Холмирзаевдин өлүмүнө байланыштуу 11-августта кызматынан алынган.

Эске салсак, Базар-Коргондо Орусия жаранын кыйнап өлтүрдү деп айыпталган 2 милиция камакка алынды. (EK)

XS
SM
MD
LG