Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Казак туристин өлтүрдү деп шектелген дагы бири кармалды


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Тилек Кызаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. 7-августта Кара-Ой айылына жакын жердеги “Рохат-НБУ” пансионатынын жээгинде казак жараны Ерлан Балмахаевди белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Жергиликтүү, андан кийин борбордогу бейтапканага жеткирилген казак жараны алган жарааттарынан өзүнө келе албай, 14-августта каза тапкан.

Кылмышка шектүү делгендердин акыркысы 19-августта Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Буга чейин 17-августта окуяга тиешеси бар деген шек менен кармалган 3 адамды камоого санкция берилди.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Тилек Кызаевдин айтымында, Кыргызстанда туристтерге карата адам өлтүрүү фактысы биринчи жолу орун алууда. (EK)

XS
SM
MD
LG