Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Дүйнө лидерлери Каддафини бийликтен баш тартууга чакырды


Козголоңчулар Ливиянын баш калаасы Триполинин көп бөлүгүн басып алгандан кийин Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон Каддафинин режими туш-тушунан ыдырап жаткандыгын белгилеп, ливиялык жол башчыны шарт коюсуз согушун токтотууга чакырды.

Мунун алдында НАТО Ливияда бийликтин тынчтык мүнөздө алмашышуусуна колдоо билдирген. Камерон Каддафинин тагдырын Ливиянын жаңы өкмөтү чечиши керек деди:

- Полковник Каддафи кылмыштары үчүн жоопко тартылышы керек. Ал өз элине каршы зөөкүр кылмыштарды жасады. Бирок Ливия көз карандысыз өлкө, ошондуктан Каддафини эмне кылышты Ливиянын жаңы бийликтери чечиши керек.

Каддафинин кайда экени белгисиз. Триполинин борборундагы Каддафинин ак сарайынын айланасында атышуу жүрүп жаткандыгы кабарланууда. Козголоңчулар шаарга өткөн түнү басып киргенде, аларга дээрлик каршылык көрсөтүлгөн жок сыяктанат.

Каддафинин уулу Саиф ал-Исламдын камакка алынганы, экинчи уулу Мохамед Каддафи үй камагында экендиги маалымдалды. Эл аралык Кылмыш соту Саид ал-Ислам атасы экөөнө адамзатына кылмыштары үчүн айып коюлганын бышыктады.

Каддафинин 42-жылдан берки бийлигине каршы козголоңчулар жарым жылдан бери согушуп келишти.

XS
SM
MD
LG