Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Ливия Каддафиден кийин кантет?


Козголоңчулар Триполиде, 22-август.
Козголоңчулар Триполиде, 22-август.

Каддафи бийлиги НАТО колдогон козголоңчулар менен бир нече айга созулган кандуу кармаштардан кийин кулап жаткан шартта ливиялыктар эйфорияга батып турган кез.

Бирок баштапкы максат орундалганы менен эми оппозициянын биримдиги канчалык, бийлик өкүлчүлүктүү өкмөттүн колуна тартип менен өтө алабы деген суроолор чыгууда.

Ыңкылап, ыңкылаптын эртеси да болот дегендей Каддафиден кутулгандан кийин ливиялыктарга да эйфориядан соолугууга туура келет. Ал тез жана көп саясий өзгөрүүлөр талап кылынарын оппозиция да билет. Каддафинин режимине каршы күрөштө колдогону менен ливиялык козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешинин чама-чаркына Батыш анчалык ишенкиребей турганы да жашыруун эмес.

Ушундан улам НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Каддафинин үзөнгүдөн буту тайып бара жатканы анык болгондон кийинки алгачкы эле билдирүүсүндө Улуттук өткөөл кеңештин мойнунда чоң жоопкерчилик турганын эскертти:

- НАТО Ливиянын эли жана мойнунда чоң жоопкерчилик турган Улуттук өткөөл кеңеш менен иштешүүгө даяр. Алар бийлик жылма өтүп, баарын камтышын, өлкө бүтүн бойдон калышын, келечек ынтымакка жана адам укуктарын урматтоого негизделишин камсыздоосу керек.

Ливия үчүн азыр бийликтин тартип менен жылма өтүшү маанилүү экендигин БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да белгиледи. Ал эми Муаммар Каддафинин “доору бүткөнүн” Бенгазиден туруп жарыялаган Улуттук өткөөл кеңештин төрагасы Мустафа Абдул Жалил дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйыны учурунда ливиялыктарга алдыда тар жол, тайгак кечүү турганын эскертти:

- Мен ливиялыктардын баарын өзүн-өзү көзөмөлдөөгө, өзүнүн, башкалардын өмүрүн жана мүлкүн коргоого, ливиялыктардын жана башкалардын, ошондой эле мыйзамдын чегинен чыгып, сот адилеттигин өз колуна албоого чакырам.

Мустафа Жалил кошумчалагандай, Ливия жаңы доордун босогосунда турат. Бирок али Ливия ыңкылабын шыктандырган нерселер: эркиндиктин, теңдиктин, адилеттүүлүктүн, айкындуулуктун, демократиянын принциптерин жаратуу багытында иш жүргүзүү зарыл.

Демократия демекчи бийликти колго алып жаткан оппозиция канчалык бекем жана бирдиктүү болгон күндө деле Каддафинин 42 жылга созулган бийлиги тамырлап кеткен өлкөдө демократиянын келечеги канчалык деген суроо жаралбай койбойт.

Ливиянын Каддафиден кийинки келечегинен күмөн саноолордун көбү өлкөдө уруулардын орду али жогору экендигине байланыштуу. Айрымдар бул көрүнүш бийликтин тартип менен өтүшүнө, бирдиктүү жана заманбап мамлекетке каршы иштейт деген ойдо.

Бирок Британиянын Ливиядагы мурдагы элчиси Ричард Далтон бул жөн эле көбүртүлүп-жабыртылган коркунуч деп эсептейт:

- Менимче, адамдар уруу маселесине ашыкча басым жасайт деп ойлобойм. Ливиялыктар биринчи кезекте мамлекетке жана үй-бүлөсүнө берилген. Уруулар саясий легитимдүүлүктүн же саясий бийликтин альтернативалуу булагы эмес. Ливиянын шаар калкы, башка жерлердин шаар калкындай эле. Албетте эгер кырдаал курчуп кетсе, анархия болсо кээ бир адамдар жетекчиликти уруулардан издейт. Бирок мен жеке өзүм мындай болот деп ойлобойм. Менимче, ливиялыктар Улуттук өткөөл кеңеш жарыялаган принциптердин тегерегинде биригүүсү мүмкүн.

Улуттук өткөөл кеңештин утурумдук баш мыйзамында Ливия көз карандысыз, демократиялык өлкө, бийликтин булагы - эл деп белгиленген. Мындан сырткары ал исламды мамлекеттик дин катары карайт. Документ Ливиянын көп түрдүүлүгүнө да көңүл буруп, Бербер азчылыгынын укуктарын тааныйт.

НАТОнун бир нече айга созулган аба соккуларынын натыйжасында Каддафинин коопсуздук күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү иш жүзүндө талкаланганын эске алганда, коңшу Египет менен Туниске караганда Ливиянын оппозициясында өз күн тартибин таңуулоо мүмкүнчүлүгү жогорудай. Аткени аталган эки өлкөдө, саясат таануучулардын тили менен айтканда, институционалдык инфраструктуранын көбүнүн бекемдиги быйылкы ыңкылаптарга карабай, нукура өзгөрүүлөргө тоскоолдук жасады.

Британиянын Ливиядагы мурдагы элчиси Ричард Далтондун көз карашында, Ливиянын демократиялык өзгөрүүлөр үчүн потенциалы коңшуларыныкы менен бирдей эле.

- Менимче, Египет менен Тунис сыяктуу эле бул Ливияда да жакшы. Ал жеңил жана бат келбейт. Бул жерде маданиятты, демократиялык катышуунун маданиятын, өз ара кепке келишүүнү, шайлоонун жыйынтыгын кабыл алууну, талкуулар сага каршы иштеп жатканын түшүнүүнү эске алуу керек. Айрым бир олку-солкулуктар күтүлөт. Бирок ливиялыктар начар өкмөттүн башкаруусунда узак жашады, өлкөнү натыйжалуу башкаруунун жолдору бардыгын билишет, алар ырааттуу прогресстин коңшу өлкөлөрдөн көргөн мисалына шыктанат. Андыктан мен оптимистмин.

Мурдагы режим кулагандан кийин Ирак бир нече жыл бою диний негиздеги араздашуунун кучагында калганы белгилүү. Бирок Британиянын Ливиядагы мурдагы элчиси кошумчалагандай, бул өлкөдө Ирактагыдай күчтүү диний жана улуттук ажырым жок.

Айтор алдыда көп нерсе Ливиянын утурумдук же өткөөл өкмөтү ишти кандай алып кетерине, Иракта кетирилгендей катачылыктарды кайталаар-кайталабасына жараша болчудай. Козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешин Ливиянын мыйзамдуу бийлиги катары буга чейин 32 өлкө тааныган эле. Кеңештин дарегине ич ара бөлүнүп-жарылганы үчүн сын да айтылып келинген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG