Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

ИИМ Турдукуловго болгон коркутууну текшерет


Өкмөт башчы ИИМге жарандык активист Адил Турдукуловго карата орун алып жаткан коркутуп-үркүтүүлөрдүн чын-бышыгын текшерүүнү тапшырды. Премьер бул боюнча ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге өзү көрсөтмө бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

“Прогресс” фондусунун төрагасы Адил Турдукулов кечээ ага өкмөт башчынын дарегине сын айтпоо талабы менен телефондук коркутуулар болуп жатканын айткан билдирүү тараткан.

Адил Турдукулов 2007-жылга дейре Атамбаев башында турган Социал-демократтар партиясында мүчө болгону маалым. (EK)

XS
SM
MD
LG