Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Жаштар кеңеши Жетим жана Сандык кендерин Кытайга берүүгө каршы


Бул тууралуу бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында айтылды. Нарын облусундагы темир чыгуучу Жетим жана алюминий чыгуучу Сандык кендерин насыяга Кытайга алмаштырууга каршы чыккан жаштар бул боюнча кол топтоого киришти. Жаштар муну менен гана чектелбестен өкмөт жана Жогорку Кенешке кайрылуу жолдоорун айтып жатышат. Өкмөт бул кендерди Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна сарптоо үчүн Кытайдан алып жаткан $2 млрд. АКШ долларына тете насыяга айырбаштаганы жатат. “Жетим кенин иштетүү Борбор Азияны экологиялык апаатка алып келет. Себеби Нарын суусу Фергана өрөөнүнө агып, Өзбекстанга чейин барат. Ал эми Сандык кенин иштетүү мөңгүлөрдүн эришине алып келип, бул өз кезегинде Орто-Токой суу сактагычына суунун ташкындашына алып келет”, - дешет жаштар.

Жаштар кеңишинин Жетим жана Сандык кендерин Кытайга берүүгө каршы акциясына жергиликтүү тургундар да кошулуп, бул чарага мораторий жарыялоого өкмөттү чакырууда. Бул тууралуу бүгүн уюштурулган видеоконференцияда белгилүү болду.

Жетим кенин иштетүүгө Mylin Resources кытай компаниясы лицензия алган. (EK)

XS
SM
MD
LG