Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Нарында чет элдиктердин кен иштетишине каршы акция өтүүдө


Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын тургундары Солтон-Сары кенин чет элдиктердин иштетишине каршы бүгүн нааразычылык акциясына чыгышты. Дубандагы кабарчыбыздын билдиришинче, акцияга 400гө чукул адам катышууда.

Эмгекчил жашоочулары өкмөт жергиликтүү ишкерлерге кен иштетүүгө мүмкүндүк бербей жаткандыгына нааразы. Солтон-Сары кенин иштетүү боюнча жергиликтүү “Алтын эмгекчил” ишканасы лицензия алуу үчүн бир нече ирээт аракет жасап, бирок өкмөттөн буга уруксат ала албаганын айтууда.

Митингчилер азыр Солтон-Сары кенинин өзүнө карай багыт алганы маалым болду. (EK)

XS
SM
MD
LG