Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Алжирде Аскерий академияга бомба чабуулу жасалды


Алжирдин Аскерий академиясына эки жанкечти жасаган бомба чабуулу 18 кишинин өмүрүн алды жана 20 чамалуу адам жарадар болду. Чабуул жума күнү иптардан кийин өлкө борбору Алжирден 100 чакырымдай батыштагы Черчел шаарчасында болгон. Маалымат агенттиктеринин доктурларга шилтеп билдиришинче, набыт болгондордун 16сы жоокерлер. Азырынча бомба чабуулун ким уюштурганы белгисиз. 1992-жылы Алжир армиясы мусулмандардын фундаменталисттик партиясы жеңет деп болжолдонуп жаткан жалпы элдик шайлоону токтотуп койгон. Ошондон тарта ислам экстремисттери коопсуздук күчтөрүнө кол салып келет. Бул кагылышууда эсептөөлөргө караганда, 200 миңдей адамдын каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG