Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Триполи гумжардамга муктаж


Ливиялык көтөрүлүшчүлөрдүн лидери Мустафа Абдел Жалил өлкө борбору Триполиге тез гуманитардык жардам берүүгө үндөдү. "Биз бардык соопкерчилик уюмдарына кайрылып, Триполи даары-дармекке, азык түлүккө жана хирургиялык материалдарга зар болууда деп айтабыз”, - деди Жалили кечээ Бенгазидеги пресс-конференцияда сүйлөп.

Маалыматтарга караганда, адаватчылар менен каддафичилер ортосундагы салгылашуулардан улам Триполинин көчөлөрүндө жана ооруканаларында адамдардын өлүктөрү додолоп кеткен.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун болсо Ливияда тезинен тартипти орнотууга чакырды.

Козголоңчулардын күчтөрү менен НАТОнун учактары Каддафинин туулган Триполиден 450 чакырым чыгыштагы Сиртени тынбай аткылашууда.

XS
SM
MD
LG