Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Урмат Барыктабасов эркиндикке чыкты


“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун адвокаты Жамангул Жунусовдун билдиришинче, 26-августта Бишкек шаардык соту мунапыска байланыштуу Барыктабасовдун жаза мөөнөтүн эки эсе азайтты. Ага ылайык, Барыктабасов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында бир жылдан ашык отурганына байланыштуу сот залынан бошотулду. Бишкектеги Биринчи май райондук соту "Мекен Туу" партиясынын лидерин 4 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган болчу.

Урмат Барыктабасов баштаган 15 адамды өткөн жылдын август айында “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен УКМК камакка алган. Азыр камакта Барыктабасов менен кармалган дагы төрт адам калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG