Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

100 миң сом төлөгөн талапкер гана тил сынагына катышат


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Канат Абдукадыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, президенттикке ат салышууну каалагандар БШКнын эсебине 100 миң сомду которгондон кийин гана мамлекеттик тил сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алат. Талапкерлер каражатты төлөбөй туруп, түз эфирдеги тил сынагына катыша албайт. Сынактын тартиби жана так мөөнөтү жакын арада белгилүү болмокчу.

Мындан тышкары президенттик шайлоого катышууну каалагандар 10-сентябрга чейин 30 миң колду топтоп келиши керек. Андан соң гана талапкерлерди каттоо башталат. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышам деп арыз бергендердин саны учурда 78 адамды түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG