Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Казак президенти диний топторго көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтты


Нурсултан Назарбаев Казакстан алдыда ушундай кадамга барары тууралуу бүгүн Астанада парламент сессиясынын ачылышында билдирди. Казак президентинин жогорудагыдай демилге менен чыгышына өлкөдөгү соңку жараяндар себеп болгондой. Быйыл майдан бери Батыш Казакстанда коопсуздук күчтөрү исламчыл согушкерлерди издөөдө. Анда бир жанкечти өзүн өкмөттүк кеңсесинин кире беришинде жардырып жиберген эле. Ал эми ушул апта башында Атырау облусунда коопсуздук күчтөрүнүн операциясы учурунда террорчу деп шектелген бир адам жок кылынып, он сегиз киши камакка алынган.

Нурсултан Назарбаевдин айтымында, жаңы мыйзам өлкөнү “диний экстремисттерден” коргоосу керек. Казакстандын дин иштери боюнча өкмөттүк мекемесинин башчысы Кайрат Лама Шариф билдиргендей, алдыда диний уюмдардын кайрадан каттоодон өтүүсү талап кылынат.

XS
SM
MD
LG