Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Орусия Ливия козголоңчуларынын өкмөтүн тааныды


Орус тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө Орусия
”Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешин учурдагы бийлик катары тааныры” жана Москва менен Триполинин дипломатиялык мамилеси уланары айтылат. Орусиянын бул жарыясы дүйнөнүн алтымыштай өлкөсүнүн лидерлери менен чабармандары Парижге Ливиянын келечегин талкуулоо үчүн чогулуп жаткан кезде жасалды. Жыйында Ливиянын чет өлкөлөрдүн банктарында тоңдурулган миллиарддаган доллар акчасын бошотуу маселесине көңүл бурчудай.

Француз тышкы иштер министри Ален Жуппенин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар Ливиянын өлкө банктарындагы активдеринин бир жарым миллиардын бошотмокчу. Бул үчүн Улуттар уюмунан уруксат алынды.

Козголоңчулардын айтымында, алар азыр Ливиянын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөөдө. Ал эми Муаммар Каддафинин Сирт шаарындагы жактоочуларына ушул ишембиге карата багынып берүү талабы коюлуп, болбосо чабуул жасалары эскертилди. Каддафинин дайын-дареги белгисиз, бирок уулдарынын бири Саиф ал-Ислам сириялык телеканал уктурган аудиокайрылуусунда урушту улантууну убада кылды.

XS
SM
MD
LG