Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Талиптер пакистандык балдарды барымтага алды


Ооганстандагы талиптер чек арага адашып кирип кеткен 30 чакты пакистандык баланы барымтада кармашууда. Пакистан бийликтеринин кабарлашынча, 12-18 жаштагы балдар бейшемби күнү уруулардын ээлигиндеги Бажаур аймагына айттап барышып, Ооганстандын Кунар провинциясынан өтүп баратканда барымтага алынган. Согушчандар оогандарбы же пакистандыктарбы, азырынча беймаалым.

Пакистандын ички иштер министри Ооган өкмөтү менен байланышып, балдарды аман-соо куткарып алууга чара көрүүнү сураганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG